Turmush — Ош облусунун Кара-Суу шаарынын мэри болуп Бакытбек Жээналиев дайындалды. Дайындоо тууралуу буйрукка Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев кол койду.
Маалыматка караганда, район акими жаңы мэрди бүгүн, 3-февраль күнү жамаатка тааныштырды. Буга чейин ал Нарын облусунун Жумгал районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп келген. Ал эми Кара-Суу шаарынын мэри болуп Адыл Лолобаев эмгектенген.
Жээналиев Бакытбек 1976-жылы 29-июнда Жумгал районунун Миң-Куш айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы. 1994-1999-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде билим алган. Кесиби боюнча математика жана информатика мугалими.
Толук материалды Turmush басылмасына катталуу менен окуй аласыздар