Turmush — Ысык-Көл облусунда 20 күн ичинде мыйзамсыз балык уулоо боюнча 9 факты аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын март айынын аягынан тартып бүгүнкү күнгө чейин, 20 күн аралыгында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматы тарабынан өткөрүлгөн күнүмдүк рейддик иш-чаралардын алкагында Ысык-Көлдүн акваториясында мыйзамсыз балык уулоонун 9 фактысы аныкталды. Бул фактылар Ысык-Көл, Түп жана Жети-Өгүз райондорунун аймактарында катталган.
Колго түшкөн браконьерлерден 210 даана чабак, 3 даана форель, 6 даана судак, 31 даана карась жана 8 даана май канат балыгы, жалпы 262 даана балык алынган. Мындан тышкары мыйзамсыз колдонулган синтетикалык торлор жана бир даана желим үйлөтмө кайык да далил зат катары алынды.
Бул фактылар райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
«Бул иш-чаралар жаратылышты жана Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоого, ошондой эле туристтик аймактарда мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюуга багытталган», - деп айтылат маалыматта.