Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусу, Кара-Суу 20.04.2017 16:10 На русском

Видео - Кара-суулук Садыр аксакалдын 30 жаштагы кызы Сириядан күйөөсү менен баласынан айрылып, өзү келе албай жүрөт

Turmush -  Бүгүн, 20-апрелде Кара-Суу районунда терроризм, экстремизмге каршы тынчтык митинги болуп, кызы Сирияга кеткен Сабыр аксакалга сөз берилди. Ал өз сөзүндө кызы күйөө баласына алданып кеткенин айтып, башкаларды мындай торго түшпөй, сак болууга чакырды.

«Менин кызымды күйөөсү Түркияга чакырып, андан ары алдап Сирияга алып кирген. Күйөө балам Сирияда каза болду. Алар эки балалуу болушкан. Улуу баласы да каза болуп, кызым бир баласы менен келе албай жүрөт. Кызым 1987-жылы туулган болчу. Кеткенине 3 жыл болду. Телефон аркылуу байланышып, сүйлөштүк. Кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк таба албай жатат. Кайсы шаарда экенин айтпай койду», - деди ал.

Акскакал кызын сагынганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×