Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусу, Кара-Суу 19.06.2017 09:23

Акыркы суткада өлкө аймагында 24 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 24 өрт кырсыгы катталды. Өрттү өчүрүүгө 25 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 19-июнда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Оштогу Кара-Суу шаарынын Сарай айыл өкмөтүнүн Дубай базарынын аймагында өрт чыкты. Таштанды өрттөнүп, жанындагы кийим-кече сатуучу контейнерге жеткен. Болжол менен 100 даана эркек көйнөк күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×