Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусу, Кара-Суу 03.09.2017 16:00

Кара-Суу шаардык кеңешин шайлоодо бюллетендер урнага батпай, четин кыркып жатышат

Turmush -  Бүгүн, 3-сентябрда Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Шаардык кеңештеги 31 орунду ээлөө үчүн 6 партиядан талапкерлер катталган.

Добуштарды кабыл алуу саат 08:00дө башталып, саат 12:00гө карата шайлоочулардын 25%ы добуш бергенин Кара-Суу шаарынын мэри Зарлык Тургунбаев аймактык кабарчыга билдирди.

«Добуштарды кабыл алуу саат 8:00дө башталды. Алгач бюллетендер урнага батпай, шайлоочулар кезекке туруп калды. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан техникалык ката болуп, бул көйгөйдү чечтик. Учурда бюллетендердин четин кыркып, андан кийин урнага киргизип жатабыз», - деди мэр.

Кара-Суу шаарындагы 6 аймактык шайлоо комиссиясы добуштарды кабыл алууну саат 20:00гө чейин улантат. Шаарда 9,5 миңден ашуун шайлоочу бар.

IMG-20170903-WA0022

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×