Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусу, Кара-Суу 05.09.2017 09:02

Кара-Суу шаардык кеңешиндеги мандаттарды 3 партия бөлүшөт (добуштардын жыйынтыгы)

Turmush -  Кара-Суу шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо 3-сентябрда өтүп, жыйынтыгында алдыга 3 партия чыкты. Аймактык кабарчыга Кара-Суу шаарынын мэри Зарлык Тургунбаев билдиргендей, шаардагы 9,5 миң шайлоочунун 6 миңге чукулу добуш берүүгө катышкан.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында:

- КСДП 3789 добуш;

- «Мекеним Кыргызстан» 750;

- «Кыргызстан» 578 добуш;

- «Республика» 311;

- «Бир бол» 13;

- «Өнүгүү-Прогресс» 346 добуш;

- Барына каршы 109 добуш.

КСПК партиясына 23, «Мекеним Кыргызстанга» 5, «Кыргызстан» партиясына 3 мандат берилиши мүмкүн.

«Сандык көрсөткүч БШКнын чечимине карап бир аз өзгөрүшү мүмкүн», - деди З.Тургунбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×