Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусу, Кара-Суу 01.11.2017 12:43 На русском

Кара-Сууда 1 жаштагы кыз уксус ичип каза болду

Turmush -  Кара-Суу шаарында 1 жаш 2 айлык кыз кокустуктан уксуска ууланып каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, наристе кечээ, 31-октябрда саат 9:00 чамасында уксус ичип алган. Ал окуядан кийин Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилип, бирок дарыгерлердин аракетине карабастан 2 сааттан кийин каза болгон.

Кыздын атасы 1974-жылы, апасы 1983-жылы төрөлгөнү маалым болду. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Өлкө аймагында акыркы жумада уксустан 3 адамдын өмүрү кыйылды. Буга чейин Кадамжайда 20 жаштагы келин уксус ичип каза болгону маалымдалган. Анын артында 2 жашка толо элек эгиз кыздары калды. Учурда келиндин күйөөсү өлүмгө жеткирген деген шек менен камакта.

Ошондой эле, Кара-Сууга турмушка чыккан кадамжайлык 30 жаштагы келин 28-октябрда Оштогу ооруканада көз жумган. Ал андан 4 күн мурун уксустан ууланган абалда ооруканага жеткирилген. Анын артында 2 баласы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×