Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусу, Кара-Суу 03.09.2018 13:13 Жаңыланды: 03.09.2018 13:58

Видео — Ошто аргындаштырылган кочкор 100 миң сомго бааланды

Turmush -  Кечээ, 2-сентябрь күнү Кара-Суудагы Фуркат мал базарында салмагы 168 кг болгон кочкор 100 миң сомго бааланды. Ал кочкордун ээси Адылбек Алдашов менен жергиликтүү тургун сүйлөшкөн.

«Мен өзүм Алай районунун Будалык айылынан болом. Бирок Алай районунун Сары-Таш айылында фермер чарба менен алектенем. Мындай өзгөчө породадагы кочкорду өстүрүү үчүн көп мээнет кетти. Алгач ушул эле Оштогу мал базардан чоң кочкорлорду сатып алып, гиссар тукумундагы мал менен аргындаштырып жүрдүм. Мээнетим кайтып, мен дагы оор салмактуу кочкорду өстүрүүгө жетиштим», - деди фермер.

Адылбек Алдашов кошумчалагандай, кочкордун эти 40 миң сомго бааланат.

«Учурда кочкорду 100 миң сомго бааладым. Ал эми кочкордун эти 40 миң сомго жакын акча болот экен. Ошондуктан эт менен иштегендер кочкорумду 35 миң сомго сурашты. Кочкордун бою 60-70 см болот. Диаметри 1,5 метр, туурасы 50 см болсо, узундугу 160 см болот. Ал эми салмагы 168 кг», - деди ал.

Анын салмагы оор болгондуктан койлор менен талаага жөнөтүүгө болбойт. Анткени чарчап калып, койлорго жетпей калышы мүмкүн.

«Мындай породадагы кочкорду 15 жыл дегенде араң өстүрдүм. Короодо мындайдан дагы үчөө бар. Бул кочкорду койлор менен кошо талаага жаюуга болбой. Анткени салмагы оор, башка койлордой тез жүрө албайт. Бул түрдөгү кочкорлорум күнүнө 2-3 кг жем жеп, 10 литрдей суу ичишет. Бүгүн сатыкка чыккан кочкордун жашы үчтө», - деди фермер.

Адылбек Алдашовдун кочкору бул жолу сатылган жок. Эми аны башка базарларга алып барууну пландап жатат.

Кыргызстандын аймагындагы өзгөчө породадагы мал-жандыктар тууралуу билсеңиз Turmush басылмасына байланышсаңыз болот. WhatsApp: 0554 65 60 25.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×