Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусу, Кара-Суу 08.09.2018 10:15 На русском

Сүрөт, видео: Кыргыз-өзбек чек арасынын ачылышы менен ири базарда соода жанданды

Turmush -  Кара-Суу районунун борбордук базарында соода жанданды. Мындай пикирди Turmush басылмасынын кабарчысы жүргүзгөн сурамжылоого катышкан сатуучулар жана соодагерлер билдирди. Алардын айтымы боюнча, Өзбекстан чек арасын ачкандан бери мурдагыга караганда алуучулар базарга көп келүүдө.

Көп жылдан бери Кара-Суудагы базарда сатуучулук менен алектенген Бактыбек Артыков да чек ара ачылгандан бери соода бир азга болсо да жанданганын айтат.

«Соода бир азга жанданды. Өзбекстан чек арасын ачкандан бери ал жактан да адамдар келүүдө. Биз товарыбыздын наркын жогору баалабайбыз. Алуучулардын чөнтөгүнө ылайык бааны коёбуз. Эгер чет өлкөдөн — Тажикстандан, Өзбекстандан келген алуучулар болсо алардын чөнтөгүнө ылайык кылып товар сатабыз», - деди Б.Артыков.

Адатта күзүндө элдин базарга болгон суроо-талабы башка мезгилге караганда жогору болот. Сентябрь жана октябрь айларында кийим-кече алганы келгендердин саны арбын болорун сатуучулар белгилешет.

Ал эми бир нече жылдан бери соода-сатык иштери менен алектенген Хожиакбар Абдраимов: «Өзбекстандан кардарларыбыз көбөйүп жатат. Биз да товарыбыздын баасын алардын чөнтөгүнө ылайыкташтырабыз», - деп кошумчалады.

Өзбекстандан кардар катары келгендер гана эмес, соода-сатык менен алектенгени келген жарандардын да саны өсүүдө. Ал эми Кара-Суу районунун борборунда бир нече жеке менчик жана 1 мамлекеттик базар бар.

«Кара-Суу» соода комплекси товар жүгүртүүнүн көлөмү боюнча Борбор Азиядагы эң ири базарлардын бири болуп эсептелет. Анын жалпы аянты 19,1 гектардан ашып, 1 мамлекеттик жана 18 жеке менчик чакан базарларды камтыйт.

Андагы негизги ишкана — «Тураталы базары» мамлекеттик ишканасы. Ал эми «Кара-Суу» базарында эмгектенген адамдардын саны 15 миңден ашып, алардын арасында Кыргызстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия жана Пакистандын жарандары бар.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×