Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-февраль
Ош облусу, Кара-Суу 25.01.2019 15:09

Кара-Сууда окуучу баланы тепловоз 15 метрге чейин сүйрөп кеткен. Айыпталуучу жазадан бошотулду

Turmush -  Кара-Суу шаарындагы поезд станциясында 12 жаштагы баланы тепловоз сүйрөп кеткен. Бул окуя боюнча бир нече адамга кылмыш иш козголуп, иш райондук сотко өткөн болчу.

Жабырлануучунун атасы Максут Калматовдун айтымында, окуя 2018-жылы 23-апрель күнү саат 18:10 чамасында болгон. Кийинчерээк райондук соттун чечимине нааразы болгон айыпталуучу облустук сотко арызданган.

Ал эми облустук соттун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов төмөнкүлөргө токтолду.

«Кара-Суу райондук сотунун 2019-жылдын 10-январда чыгарган токтому менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 1-бөлүмү боюнча айыпталган Н.М.га карата козголгон кылмыш иши жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү жеке ачык айыптоодон баш тарткандыгына байланыштуу соттолуучу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулуп, жазык иши өндүрүштөн кыскартылган. Жазык кодексинин, Жоруктар жөнүндө кодекстин, Жазык-процесстик кодекстин, Жазык-аткаруу кодекстин "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" мыйзамынын 8-бөлүмүнүн 16-пунктуна ылайык, өндүрүш Жазык-процесстик кодекс күчүнө киргенге чейин башталган. Жазык иштери жабырлануучу жекече же жекече жалпы айыптоону колдоого алуудан баш тартканда жана айыпталуучу Жазык-процесстик кодекс күчүнө киргенге чейин колдонулуп келген тартипте жабырлануучу менен макулдукка жетишкенде токтотулушу мүмкүн экендиги көрсөтүлгөн. Ал эми жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү М.Х. соттук отурумдун жүрүшүндө соттолуучуга карата жекече ачык айыптоону колдоодон баш тарткандыгын билдирип, жазык ишти өндүрүштөн кыскартып берүүнү суранган. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 26-беренесини 3-бөлүмүнө ылайык, чоң коркунуч келтирбеген кылмыштар, анча оор эмес кылмыштар жөнүндө иштер жекече ачык айыптоо иштерине таандык экени көрсөтүлгөн. Кылмыш-жаза кодексиндеги 280-берененин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын белгилери чоң коркунуч келтирбеген кылмыштардын курамына кирет», - деди Осмонкулов.

Тактап айтканда, жабырлануучу тарап тосмо арыз жазып берип, айыпталуучу жазадан бошотулду.

Буга чейин жабырлануучунун атасы Масут Калматов: «Окуя 23-апрелде Кара-Суу шаарындагы поезд станциясында болгон. Менин балам поезд жолдун чети менен мектептен кайтып келе жаткан экен. Сумкасы поездден чыгып калган 20 см учтуу буюмга илинип, 15 метр аралыкка чейин сүйрөлгөн. Алгач айдоочу аны көргөн эмес. Ал эми көргөндөн кийин жардам берүүнүн ордуна кайра сабаган. Аны алыстан көргөн адамдар ажыратып, тез жардам кызматын чакырышыптыр.

Бул иш райондук сотко өтүп, райондук сотко нааразы болгон айыпталуучу Ош облустук сотко арызданган. Азыр иш облустук сотто каралып жатат», - деген болчу.

(Жабырлануучу)

Жабырлануучу

Ош облустук сотунун басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктаган.

Ал эми соттук отурумдун жүрүшүндө жабырлануучунун жактоочусу мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн кылмыш ишин кайра тергөөгө жөнөтүүнү өтүнгөн. Ал бир гана тепловоздун машинистинин жардамчысына карата козголгон иш сотко өткөнүн, ал эми бул окуяга жол берген жооптуу адамдарга:

- Кара-Суу темир жол станциясынын башчысына;

- станциянын нөөмөтчүсүнө;

- курамдын түзүүчүлөрүнө;

- тепловоздун машинистине карата козголгон иш тергөө органдары тарабынан мыйзамсыз кыскартылганын айтып, анын сунушу Кара-Суу райондук соту тарабынан канааттандырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×