Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусу, Кара-Суу 13.01.2020 17:05 На русском

«Коноктор келсе уят»: Кара-суулуктар канализациянын жоктугуна нааразы. Мэрдин жообу

Turmush -  Кара-Суу шаарынын Ленин көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн тургундары көп жылдардан бери канализациясыз күн кечирип келишет. Алар жайы-кышы саркынды сууну сыртка төгүп, анын кесепетинен пайда болгон жаман жыттар үйлөрдүн ичине чейин кирип жатканын билдиришти.

Жергиликтүү тургундардын бири Мээримбек Исаковдун айтымында, саркынды суулардын жыты эртең менен жыттанбайт. Бирок чак түштө же кечинде аябай жыттанып, эшик-терезелерди ачууга мүмкүн болбой калат.

«Биз жашаган шаарга же көп кабаттуу үйлөргө сырттан коноктор келсе уят. Бул көп кабаттуу үйлөр курулгандан бери канализация иштебейт. Көп жылдардан бери чыдап жашап жатабыз. Жыл сайын депутаттар келип, маселени чечебиз деп куру сөздөрүн айтып кетишет. Тиешелүү жерлерге кайрылсак да майнап чыкпайт. Саркынды сууну жана таштандыларды төккөн жерибиз бир. Ал жерде ит-мышыктар өлүп калат. Балдарыбыздын ден соолугуна кабатырланабыз. Дааратканалар да сыртта болуп, жайдын күнү жаман жыттанып, жашоого мүмкүн болбой калат», - деди Мээримбек Исаков.

Бирок Кара-Суу шаарынын мэри Кутугали Козубаев канализация куруу жаатындагы иштер алдыга жылып жатканын айтууда. Ал 2014-жылы канализация куруу жана таза суу чыгаруу үчүн Дүйнөлүк банктан 6 млн 300 миң евро бөлүнгөнүн кошумчалады. Долбоордун биринчи бөлүгүндө суу түтүктөрүн оңдоо үчүн 5 техника: экскаватор, трактор, оор жүк ташуучу унаа жана жумушчуларды ташуучу жеңил автоунаалар алынган жана канализация маселесин чечүү үчүн тендер жарыяланып, катышуучулардын документтери каралып жатат.

«Кара-Суу шаарына 20,5 км алыстан таза суу түтүктөрүн тартууга тендер жарыяланып, аны утуп алган курулуш компаниясы жумуштарды баштаган. Бирок кыш мезгили келип калгандыктан жумуштар убактылуу токтоп турат. Буюрса 2020-жылы шаарга таза суу тартылат. Өткөн жылы 20-декабрда канализация курууга тендер жарыяланган. Ага 4 чоң курулуш компаниясы катышып, учурда алардын документтери Бишкек шаарында каралып жатат. Эми канализация маселесиндеги эң чоң көйгөй — шаардан чыккан саркынды сууларды жок кылуу. Саркынды сууну тазалап чыккандан кийин аны сугат суу катары пайдаланса болот. Бирок Кара-Суу шаарында жергиликтүү тургундар сугат сууга муктаж эмес. Ошол себептен башка айыл өкмөттөргө сугат суу үчүн пайдаланууга берилсе, кайра 12-15 км аралыкка суу түтүктөрүн орнотуш керек болуп жатат. Кептин баары акча каражатынын көп сарпталып жатканында», - деди мэр Кутугали Козубаев.

Кара-Суу шаарында жалпы 34 көп кабаттуу үй бар. Алардын баары канализация системасына туташтырылган эмес. Шаардын калкы 25,5 миң адам болсо, бир жылдык бюджети 70 млн сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×