Turmush — Ат-Башы районунун Ак-Жар айылындагы «Ак-Жар сезими» балдар бакчасында тарбиячы болуп эмгектенген Болотбек кызы Элзат учурда англис тили сабагынан да балдарга билим берип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, англис тилин бала бакча курагындагы тарбиялануучуларга жеңил, түшүнүктүү жана оюн аркылуу үйрөтүү ыкмасын колдонуп, балдардын кызыгуусун арттырууга өзгөчө көңүл бурууда. Бала бакча курагы — баланын кабыл алуу жөндөмү эң жогору болгон мезгил. Дал ушул убакта тилдерди, негизги түшүнүктөрдү жана пайдалуу көндүмдөрдү үйрөтүү оңой жана натыйжалуу болот.
«Мен бул тармакта 2018-жылдан бери иштеп келем. 2025-жылдан бери англис тили сабагынан мугалим болуп иштеп жатам. Балдардын англис тилине болгон кызыгуусу абдан жакшы. Жогорку жана кенже тайпаларга тең сабак беребиз. Сабактарда балдар англисче санаганды, түстөрдү айырмалаганды, өзүн тааныштырганды, үй-бүлө мүчөлөрүн, жер-жемиштерди айтып беришет. Албетте, унутуп калган учурлар болот, ошондуктан ар бир сабакта кайталатып туруу зарыл», - деди ал.
Тарбиячы белгилегендей, учурда англис тили дүйнө жүзүндө керектүү тилге айлангандыктан балдар да аны өзгөчө кызыгуу менен кабыл алышат. Быйыл мектеп босогосун аттай турган тарбиялануучулардын арасында кыргыз тилинде толук сүйлөй элек балдар да бар. Бирок ошого карабастан, англис тилине болгон кызыгуулары күчтүү.
«Балдардын келечеги кең болушу үчүн пайдубалды азыртан бекем куюшубуз керек. Бул жерде бала бакча чоң роль ойнойт. Ошондуктан биз колдон келишинче аракет кылабыз», - деди ал.
Сабактар оюн, ыр жана кыймыл-аракет менен коштолуп, балдардын эсинде калгыдай өтөт. Англис тили сабагынан кийин балдар үйүндө да ырларды кыңылдап ырдап, уктаар алдында кайталап калышкан учурлар көп кездешет.
Мындан тышкары, үйдөн сөздөрдү жана ырларды жаттап келүү боюнча тапшырмалар да берилет. Учурда тарбиялануучулар 3-4 англисче ырды толук жаттап алышкан.
«Кичинекей кезинде үйрөтүү балдарга абдан жеңил. Кабыл алуусу да күчтүү болот. Эгер бала бакчадан жөнөкөй сөздөрдү, ырларды үйрөнүп чыкса, мектепке барганда ага кыйла жеңил болот», - деди ал.
Болотбек кызы Элзат 1992-жылдын 11-мартында Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында төрөлгөн. 1999-жылы Т.Байсалов атындагы орто мектепке 1-класска кирип, 2010-жылы ийгиликтүү аяктаган.
Ошол эле жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Филологиялык билим берүү багыты боюнча Лингвистика факультетине тапшырып, англис тили мугалими кесибине ээ болгон. Ал жогорку окуу жайын 2018-жылы бүтүргөн. Учурда Нарын мамлекеттик университетинин Мектепке чейинки билим берүү факультетинде билимин улантып жатат.
Атасы Кармышов Болотбек, апасы Мамытова Гулина. Ата-энеси учурда пенсионер. Элзат айым 7 бир туугандын алтынчысы. Өзү үй-бүлөлүү, 3 кыздын апасы.
2023-жылдан тартып Ат-Башы районунун Ак-Жар айылындагы «Ак-Жар сезими» балдар бакчасында эмгектенип келет. Ал эми 2025-жылдын күз айынан баштап бакчанын улуу жана даярдоочу тайпаларына англис тили сабагынан билим берип баштаган. Бир нече ай аралыгында тарбиялануучулар менен «Greetings», «My Family», «Colours», «Alphabet», «Vegetables», «Feelings», «Numbers», «Domestic Animals», «Shapes (Square)», «Dishes», «Winter» сыяктуу темалар өтүлгөн. Сабактар оюн, ыр жана кыймыл-аракет менен коштолуп, балдардын эсинде калгыдай уюштурулат.
Негизги максат — балдардын англис тилине болгон кызыгуусун арттыруу, жөнөкөй сөздөрдү жана ырларды үйрөтүү аркылуу тилге болгон алгачкы түшүнүктү калыптандыруу.