Turmush — Баткен районунун Алтын-Бешик айыл аймагынын Дара аймагындагы айылдарда жарым кылым мурда эле 2-3 кабаттан турак жайларды салына баштаган. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы алардан кабар алды.
Кайыңды айылынын тургуну Ислам Шараповдун айтымында, ал өзү жашап жаткан 2 кабат үй 1966-жылы салынган. Бышкан ылайга салынып, арчадан тосун, түркүктөр, сынчтар жаткырылган. Үстүнө болсо 30 см ылай басылып, шыйпырсыз эле тамчы өткөрбөй турган.
«Бул үйдүн курулганына 60 жыл болду. 2 кабаттан туруп, асты кампа болгон. Азыр астына склад кылып, бардык буюмдарды сактайбыз. Көмүр да ушул жерде турат. Былтыр астын кайрадан оңдодум. Үстүндөгү үй болсо ошол бойдон эле. Мурда шыйпыры да жок болгон. Ошондо да тамчы өтчү эмес. Анткени 30 сантиметрден ашык ылай басылган. Бышкан ылайга пакса болгон. Ал учурда ылайды бышырышкан. Анан да арчадан тосундар коюлган. Бир эле тосуну азыркы 4 тосунга тең келет.
Андан кийин бул үйдү салдык, 20 жылдай болуп калды. Бул да 2 кабаттан турат, асты унаа үчүн гараж. Бул жакта жер тартыш. Жер бөлгөндө тегиз болбосо дагы өлчөп бере берген. Анан үй салганга тегиз жер жок. Эгинге деле тегиз жер жок. Ошондуктан баарында эле 2 кабаттан үйлөр салынган. Жер үнөмдөш үчүн ата-бабаларыбыз да ушундай 2 кабаттан үйлөрдү салышкан», - деди Шарапов.
Жаңырык айылынын тургуну Парпи Узакбаевдин тоо боорундагы таштарды кол менен алып, кайра аларды тизип, тегиз жер жасап анан үй салган. Жерди үнөмдөө максатында үйдүн астына мал сарай, анын үстүнө 2 кабат үй салган.
«Биз үй салган убакта техника болгон эмес. Кол менен жерди тегиздеп, таштарды жарып, тегиздик кылып үй салганбыз. Астында короо, үстүндө үй салынган. Бул үйлөр бекем салынган. Айыл тоонун арасында болгондуктан тегиз жер жокко эсе. Ошентсе да баштап тоо боорлоруна катар-катары менен пал алынган. Ошондо карап олтуруп палалга (жөөк) окшотурушуп, Палал-Ооз деп атап коюшкан экен.
Ал эми ылдыйкы зона Жаңырык деп аталат. Ал жакта айылдын бет мандайында жар бар. Бакырсаң кайра жаңырып кайталап турат. Ошондуктан Жаңырык деп атап коюшкан. Бул айылда дээрлик баарында 2 кабаттан салынган үйлөр»-деди Узакбаев.
Жаңырык айылында учурда 59 кожолук, Кайыңды айылында 274 кожолук, Табылгыда 60 кожолу, Коргон-Ташта 21 кожолук жашайт. Алар мал чарбачылык менен алектенишет. Дыйканчылыкта нас тамеки, жүгөрү, картошка өстүрүшөт.