Turmush — Азатбек Молдобаев Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тургуну. Ал айылда жер иштеткендиктен, Калифорния сөөлжанын багып жатат.
«Биогумуска кызыгып, ютубдан машыктыруучулардын сабактарын көрүп жүрдүм. Анан жакшы үйрөнүү максатында Бишкек шаарынан көптөгөн окууларга катыштык. Ал жакта биогумус өндүрүүчү кооперативинин жетекчиси Мамазакир Каримовдун өзүнөн сабак алып, районго органикалык жер семирткичти жайылтуу максатында сөөлжанды алып келдик. Кызыккан элдерге үйрөтүп, экспорттоону максат кылып жатабыз. Бизде Ат-Башыда мал көп, малдын кыгы бекер. Ушуну элге түшүндүрүп, жайылтып жатабыз. Өзүлөрү иштетип колдонсо, кааласа иштетип сатса дагы болот», - деди ал.
Анын айтымында, 1959-жылы калифорниялыктар таза азык алуу үчүн биогумусту иштетип башташкан. Ал үчүн малдын кыгын иштеткен.
«Бир сөөлжан 1 жылда 1500-3000ге чейин көбөйө алат. Ар бир сөөлжан личинка таштоого жөндөмдүү. Алар жумасына, 10 күндө бир личинка таштап турат. Анан ургаачы менен эркек сөөлжандар тез-тез жолугуп турат. Көбөйүүсү ким кандай караса, ошого жараша болот. Мисалы, жакшы каралбай калса, личинка таштабай дагы коет.
Ат-Башыда башка суук райондордо салыштырмалуу 15-20 күн эрте түшүм берет. Түшүмдүүлүгү 2-3 эсе көп болот. Мисалы, өзүм биринчи жылы биогумусту колдонуп, картошка айдагам. Анда сабагы аз эле көтөрүлүп, картошка сыртка чыгып, күнгө күйүп, жашыл болуп кеткен. Экинчи жылы дагы ошентип күйүп калбасын деп, жерди ченеп, 40 см казып айдагам. Ошондо дагы сабагы 20 см болуп чыкты», - деди ал.